09:59
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзгөн районунда 40 миңден ашуун адам Сооронбай Жээнбековду колдоду

Президентикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.  Жолугушууга катышкан 40 миңден ашуун тургундар талапкерге колдоо көрсөтүштү. 

Сооронбай Жээнбеков жакынкы 6 жылга карата стратегиялык максаттарды жана пландарды ишке ашыруу боюнча шайлоочуларга толук маалымат берди.

Ал белгилегендей, анын президент кызматындагы башкы аракети жетишкендиктерди бекемдөө жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашыруу болот.

Талапкер өз сөзүндө коррупция менен күрөш, экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө, кичи жана орто ишкерликти колдоо сыяктуу маселелерге кеңири токтолду.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында жетишкендиктерди белгилеп өттү.

«Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин үзүрүн эми көрө баштадык! Айрыкча Россиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүү тургундар менен теӊ укукка ээ болуп, жөндөмүнө, билимине жараша жакшы жумуштарга орношуп жатышат. Азыр короо шыпырган кыргыздар чанда эле болбосо, жок деп айтсак болот. Экономиканы ЕАЭБке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштарды аткардык. Экспортко чыгууга инфраструктурабыз даяр. Фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз, лабораториялар, чек арадагы өткөрмө бекеттери жаңыланды» - деди талапкер.

Сооронбай Жээнбеков ага ишеним артылып, президент болуп шайланып калса, бүт күчүн, билимин жана тажрыйбасын мамлекетке, элге кызмат кылууга арнай турганын билдирди.

«Мен коррупция менен аеосуз күрөшөм, аша чапкандардын колу-бутуна чаап турам. Менин максатым - тартип жана туруктуулук, өнүккөн өлкө»

Сооронбай Жээнбеков
Өзгөндүктөр эмгек жолун ушул райондун мектептеринин биринде мугалими болуп иштөөдөн баштаган Сооронбай Жээнбековду колдошуп, жердештерин эң татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырышты.

Президентикке талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү. Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 19.09.2017 ж.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума