18:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аида Салянова прокурорлордун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты

Ленин райондук мурдакы юстиция министри Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Төрт күндөн бери айыпталуучу сурак берип жатат.

Бүгүн прокурорлорго суроо берүү кезеги келди. Аида Салянова аларга жооп берүүдөн баш тартты.

«Мага коюлган айыптып маңызын эч ким түшүнбөйт. Ал кайсы кылмыш беренесине туура келерин жана кайсы мыйзам бузулганын дагы так айтып бере алышпайт. Андыктан, мен прокурорлордун суроосуна жооп бербейм. Алар өз пикирин жарыш сөздө айтышсын», — деди Аида Салянова.

Эскерте кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы Алексек Елисеевдин жактоочулук лизенциясын узарткандыгы үчүн иш козголгон. Ал кезде Салянова юстиция министрлигин жетектеген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума