10:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо мыйзамсыз

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго чыгарган өкүмүнө карата арызды кароону улантууда.

Иштеги материалдары иликтөө учурунда айыпталып жаткандардын мүлкү камоого алынбагандыгы айтылды. 

Ага Өмүрбек Текебаев Чотонов экөөнүн мүлкүн тартып алуу мыйзамсыз экендигин белгиледи.

Парламент депутатынын айтымында, алар мамлекетке зыян тийгизген эмес. Үй-жайын дагы кылмыш жолу менен тапкан жана кылмыш жасоодо колдонгон эмес. 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотонов жемкорлук беренеси менен айыпталат. Аларды Биринчи май райондук соту 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.  

Эң көп окулган жаңылыктар