15:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте тарыхый имарат болгон Илья Терентьевдин үйү бузулууда

Бишкекте шаардын биринчи мэри Илья Терентьевдин уундөгү жыгач конструкциялар алынып салды.

Кычан Жакыпов атындагы сейил багында жайгашкан тарыхый имараттын биринчи кабаты гана калып, экинчи кабаттагы жыгач конструкциялар алынды.

«Кыргызреставрациянын» директору Жумамедель Иманкулов 24.kg агенттигине билдиргендей, тарыхый имаратты калыбына келтири иштери жүрүүдө. 

«Жыгач конструкциясын алып салдык. Кыштан тургузулган дубалдарды бекемдейбиз, анан жыгач конструкциясын кайтадан чогултабыз. Имаратты калыбына «Дордой» ассоциациясы жүргүзүп жатат, аны биздин адистер көзөмөлдөөдө. Биз имаратты баштапкы калыбына келтирмекчибиз», — деди ал.

Эске салсак, 2015-жылы, парламенттик шайлоого ат салышып жатып, Аскар Салымбеков тарыхый объектини калыбына келтирем деген. Ишкер менен Маданият министрлиги келишим түзүп, имараттыр долбоорун иштеп чыгууга Салымбеков 500 миң сом төгүп берген. Андан бери алты жыл өттү.

Илья Терентьев Пишпектин биринчи мэри болгон. Ал 1848-жылы Ижевскиде курал-жарак жасаган устатын үй-бүлөсүндө туулган. Ал староста болуп шайланганда шаардын көчөлөру түздөлүп, белгилүү багбан Фетисовдун жардамы менен азыркы Кара жыгач сейил багы түптөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар