19:14
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Россиядагы кыргыз мигрантарынын саны быйыл 27 пайызга көбөйдү

Россиядагы кыргыз мигрантарынын саны быйыл 27 пайызга көбөйдү. 2017-жылдын сегиз айында 365 миң кыргыз жараны Россияга кеткен. Бул тууралуу Кыргызстандын миграция кызматы билдирет.

Жыл башынан бери мигранттар тарабынан 1 миң 419 кылмыш жасалган. Анын 246сы оор, 374ү талап-тоноо, 85и экономикалык кылмыш, 55и маң затты сатуу аракетине жана 11 террордук акты боюнча иш козголгон.

Кыргызстандыктарга 1 638 жолу 66, 8 миллион рубль айыппул салынган.

Жыл башынан бери 27 кыргызстандык Россиядан чыгартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар