23-24-сентябрь күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Айрым райондордо шамалдын ылдамдыгы 18-23 м/с жетет.
24-сентябрда Чүй, Талас облустарына аба-ырайы түнү - +3 +8, күндүзү - +13 +18 градус болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнү - +7 +12, күндүзү - +16 +21 болот.
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнү - +4 +9, күндүзү - +10 +15 болот.
25-26-сентябрда Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына үшүк жүрөт. Аба-ырайы −1 −2 градуска чейин түшөт.