04:57
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Баардык талапкерлер үгүткө 1 миллион сомдон ашык сарпташты

Үгүт жараянынын башталышы менен президентикке талапкерлердин шайлоо фондунан чыгымдары көбөйдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 18-сентябрга карата акча сарптоо жагынан Өмүрбек Бабанов алдыда. 

Ал фондундагы 138,2 миллион сомдон 124,1 миллионун чыгымдаган. Экинчи орунда Сооронбай Жээнбеков, ал 45,6 миллиондун 46,3 миллион сомун короткон. Темир Сариев фондуна жалпысынан 25,6 миллион сом берип, 31,5 миллиона сомду кайра алган.

Бакыт Төрөбаевдин фондундагы каражат 47, 2 миллион сомду түзсө, анын 12,6 миллиону чыгымдалган. 

Талапкерлердин дээрлик баарынын чыгымдары 1 миллион сомдон ашкан. 

Шайлоо 15-октябрда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума