01:41
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президенттикке талапкерлердин теледебаттары 3-октябрда башталат

Президенттикке талапкерлердин теледебаттары 3-октябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт. 

Алардын айтымында, КТРКнын эфиринде биринчилерден болуп, кечки саат 21.30 - 23.10до Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбека Ташиев жолугат.

4-октябрда саат 21.30-23.10до Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үметалиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов.

5-октябрда саат 21.00 - 23.35де Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров кездешет.

Дебаттын экинчи туру 11-октябрда өтөт. Анда Токтайым Үметалиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов катышат.

12 - октябрда саат КТРКнын түз эфиринде 21.00 -23.50 Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Темир Сариев, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума