12:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Талапкерлер шайлоодон утса президенттик бийликти күчөтөт

Талапкер шайлоодон утса президенттик бийликти күчөтөт. Бул тууралуу кечээ кечинде КТРКнын түз эфиринде өткөн дебат учурунда айтылды.

Талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын бир бийлик бутагынын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл деп эсептейт.

«Же президенттик, же парламенттик бийлик болушу керек. Мен президент болсом, биз ушуну чечебиз» — деди Өмүрбек Бабанов.

Улукбек Кочкоров дагы бийликтин азыркы башкаруу формасын сынга алды. Анын айтымында, президент премьер-министрдин ыйгарым укуктарын аткара алат.

«Жогорку бийлик органы катары мен — элдик курултайды сунуштайым. Ага баардык бийлик органдары отчет берет. Мен президент болсом ар эки жылда эл алдында отчет берүүгө даярмын» — деди Улукбек Кочкоров.

Эң көп окулган жаңылыктар