14:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бакыт Төрөбаев Алмазбек Атамбаевге сыйын билдирди

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Алмазбек Атамбаевге урматын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында айтты.

Бакыт Төрөбаев шайлоо процессиндеги өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү.

«Оппозициялык фракциянын лидери катары шайлоочулардын тизмесинде, бюллютендерди эсептөө жакшы иштер жасалганын моюнга алыш керек» — деди Бакыт Төрөбаев.

Ал Алмазбек Атамбаевдин сын пикирлери аларды курчутканын айтты.

«Сиз президент боло алдыңыз. Биз сизди президент жана саясатчы катары сыйлайбыз. Бүгүн тарыхый күн. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн 2040-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын өткөрүп берип жатат. Сооронбай Шарипович, сизди жеңишиңиз менен куттуктайбыз» — деди ал.

Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев президентикке ат салышып, Өмүрбек Бабановдун пайдасына талапкерлигин алып салган.

Эң көп окулган жаңылыктар