Кыргызстан улуттук валютасын Африканы Кени өлкөсүндө басып чыгарат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин отурумунда депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
Анын айтымында, сомду Кыргызстанда басып чыгарууга аракет жасоо керек.
«Сомду Африкада басып чыгаруу үчүн бир топ каражат жумшадык. Ошол акча бул жерде эле бир фабрикага куруп койсок болмок» — деди ал.
Жогорку Кеңеш Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрагалыгына бекитүү сунушун кароодо. Мурдакы төрагасы Толкунбек Абдыгулов вице-премьер-министр болуп дайындалган.