19:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Акжарыктын айыкпаган сыныгы» китебинин бет ачары өтөт

Жазуучу Самсак Станалиевдин «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу тарыхый-биографиялык роман трилогиясынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Илимдер академиясы маалымдайт.

Жазуучу Самсак Станалиев «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» роман трилогиясынын үстүндө 3 жыл бою иштеген.

Жогорку Кеңешинин депутаты Рыскелди Момбеков китепке жазган баш сөзүндө, чыгармада Чыңгыз Айтматовдун өзү эле эмес, анын чыгармалары менен реалдуу турмушунан алынган адабий каармандарынын бар экенине таӊдануусун билдирген.

«Ошондой эле дүйнө жүзүнө таанымал болгон, ХХ кылымдын теӊдешсиз залкарларынын тагдырына, турмушуна, айрыкча анын эл арасында легенда болуп айтылган махабатына ар тараптан түшүнүү аркылуу мамиле жасап, аларга болгон ызаат-урматыӊ артат. Мындай сапат Мухтар Ауэзов, Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндөгү аянычтуу, жүрөгүӊдү канаткан, чыдап окууга мүмкүн болбогон баяндарга түздөн-түз таандык», — дейт.

Трилогия: «Буюккан күндөр», «Тамчы жаш», «Жомоктун кайтып келиши» деген бөлүктөргө бөлүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар