19:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Студенттерди КСДП партиясынын талапкерин колдоого мажбурлап жатышат

Жалал-Абад шаарынын студенттерин КСДП партиясынын талапкерин колдоого мажбурлап жатышат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс») билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад университетинин ректору студенттерге атайын кагаз толтуртуп, Сооронджай Жээнбековго добуш берүүгө мажбурлоодо. 

«Ошто айрым ишканаларда дагы КСДПнын талапкерин колдоого көрсөтмө берилиптир. Сапар Исаков өзү шайлоого кийлигишпейбиз деп убада берген», — деди Зиядин Жамалдинов.

Президенттик шайлоо 15-октяюрда өтөт. 13 талапкер ат салышууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума