02:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Төлөгөновдун соту. Күбө Искендер Бакиевдин кеңсесиндеги 7-апрелдеги окуяны айтты

Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдакы депутаттары Райкан Төлөгөновго каршы козголгон кылмыш ишин кароо уланууда.

Күбө Хуршид Сулаймановдун айтымында, 2010-жылдын 7-апрелинде Жаныш Бакиевдин уулу Искендер Бакиевге тиешелүү «Империя корпорейшн» компаниясынын кызматкерлери 16.00дө үйлөрүнө таркап кетишкен.

«Абал курч болчу. Андыктан биз кооптонуп эрте эле үйгө кеткенбиз. Мен эртеси эле түштүккө, үйүмө кеттим. Кеңсеге келген жокмун. Кесиптештерим менен да байланышкан жокмун. Мен билгенден баары телефонун өчүрүп коюшкан. Анткени апрелде Искендер Бакиевди жана ага жакын кишилерди издешкен» — деди ал.

Күбө кеңседе сейф жана сүрөт бар экенин ырастаган жок. Анын билдирүүсүндө компаниянын кароолдорунда курал жок болчу.

Эскерте кетсек, Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүндө, Искендер Бакиевдин кеңсесин тоношуп, андан сүрөт жана сейф алып чыгышкан. Ошондой эле кеңсе алдында кароолдор менен ок атышуу болгон.

Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелиндеги мародерлук айыбы менен соттолууда.

Эң көп окулган жаңылыктар