12:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте студент кыз изделүүдө

Бишкекте студент кыз жоголду. Бул тууралуу анын агасы Эртай Исаков Facebook баракчасына жазып, коомчулуктан жардам сурайт.

Анын айтымында, 1997-жылы туулган Туратбек кызы Дилфуза 2017-жылдын 12-сентябрында түнү 3.15те үйдөн чыгып кеткен. Жанына фотоаппаратты кошо алган.

«Таңкы саат 6.00дө ойгонуп, аны таппай калдык. Телефону өчүк, социалдык тармактагы аккаунттарына кирген жок. Туугандарыбыздын үйүнө барган эмес, достору жана группалаштары дагы эч нерсе билишпейт. Акыркы эки күндө университетте да болбоптур», — деп жазат кыздын тууганы.

Милиция дагы кызды издөөгө алды. Ал «Ала-Тоо» университетинин экинчи курсунун студенти.

Эң көп окулган жаңылыктар