15:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Аида Салянованын сотунда Алексей Елисеевдин көрсөтмөсү көрсөтүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сотунда жактоочу Алексей Елисеевдин көрсөтмөсү көрсөтүлдү. Айыпталуучунун жактоочусу Чынара Жакыпова учурда Прибалтика өлкөлөрүндө жашаган Алексей Елисеев менен интернет аркылуу байланышып, собол узаткан.

Алексей Елисеев Аида Салянова менен тааныш эместигин айтат.

«2010-жылы мен Аида Салянова менен сүйлөшмөк да эмесмин. Анткени ал башка бийлик өкүлдөрү менен бирге куугунтуктоо менен алек болчу. Мен жактоочулук күбөлүгүмдү Кыргызстанда колдонгон жокмун. Ага мүмкүнчүлүк беришпеди. Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Убагы келгенде Салянова баш болуп жазасын алат деп ойлойм» - деди Алексей Елисеев.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзамдын чегинен чыкпагандыгын айтып келет.

Алексей Елисеев мурдакы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири. 

Эң көп окулган жаңылыктар