USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

12 жашар кызды зордуктоого шектелген даарыгерге кылмыш иши козголду

15:36, 08 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Орловка шаарынын Жалпы даарыгерлик тажрыйба борборунун терапевтине зордуктоо айыбы менен иш козголду. Бул тууралуу кыздын апасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге жазган арызында айтылат. 

Арызда даарыгер кызды убактылуу шал кылган укол сайгандыгы маалымдалат. Кыздын апасы даарыгердин анда аркы кадамдарын кенен жазып жөнөткөн. 

Кылмыш иши козголгондугун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан «24.kg» агентигине ырасташты. Иш азыр Жаза кодексинин 133-беренеси менен (бузукучулук кадамдар) менен козголду. Эгер зордуктоо болгондугу аныкталса, берене өзгөрөт.  

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика