14:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Тажик президенти Эмомали Рахмон Мьянмидеги кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Түркиянын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган менен болгон телефондук сүйлөшүүсү маалында Мьянмадагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди.
Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын билдиришинче, мамлекет башчылар Мьянмадагы исламофобиянын күчөгөнүн жана Ракхайндагы экстремисттик топтордун жоочуларынын куралдуу кол салууларын чечкиндүү түрдө айыпташты.

Эмомали Рахмон менен Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү этникалык жана диний жаңжалдар тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу адилеттүү чечилиши керектигин айтышып, дүйнө коомчулугун бул өңдүү көрүнүштөрдү жоюу үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алууга чакырышты.

Эки лидердин ортосундагы сүйлөшүү 7-сентябрь кечинде болду. Анын жүрүшүндө тараптар Түркия президентинин Тажикстанга расмий сапарынын мөөнөтүн тактоо боюнча дагы макулдашууга жетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума