21:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сирияга кеткен тажик жарандары Интерпол аркылуу изделүүдө

Орусия бийлиги Интерпол аркылуу «Ислам мамлекети» террордук тобуна кирип кеткен Тажикстандын 28 жаранын издөөдө.

Алардын көбү буга чейин Орусия аймагында туруп, теракттарды даярдоого катышып, террордук топко жаңы мүчө болгон кишилерди Сириянын согуш талааларына жөнөтүп, тыюу салынган диний агымдардын идеаларын жайылтып турушкан.

Күн мурун эл аралык полициянын кызыл тизмесине Рудаки районунан чыккан 32 жаштагы Абдушахид Турсунов же Абу Саид кошулду. Ал 2014-жылы Орусиядан Сирияга жер которгон.

Абдушахид Турсунов терроризмге айтыпталууда, ал 2015-жылы тажик президенти Эмомали Рахмонго кол салууну пландаган. Бул кылмыш ишинин негизинде анын шериктери Дилафруз Холов менен Изатулло Фузайлов соттолгон.

Алар Рахмонду 2015-жылы сентябрда Вахдатка жасаган жумуш сапары учурунда өлтүрүүгө аракет жасашкан. Дилафруз Холов азыр Сирияда жүргөн Абушахид Турсуновдун (Абу Саида) ортомчулугу менен ИМ тобуна кошулуп кеткен Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимов менен байланышууга ниеттенген.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын 2,5 миңден ашуун жараны терроризм жана экстремизмге катышы бар деген айып менен Интерполдун издөөсүнө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар