04:58
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Эрдогандын бийлиги куугунтуктагандардын саны 1,2 миллион кишиге жетти

Түркияда бийлик куугунтуктагандардын саны 1,2 миллион кишиге жетти. Бул тууралуу «Фергана» Ahval News шилтеп билдирет. Маалыматтар Түркиянын Platform for Rights and Justice укук коргоо уюму өлкөдөгү репрессия боюнча баяндамасынан алынды.

Алардын маалыматында,акыркы эки жылда саясый репрессиянын айынан жумуштан алынган, камалган жарандар жана алардын туугандары кошкондо жалпы саны 1,2 миллионго жетет.

«Түркиядагы белгилүү окуялардан кийин бир нече кишилер кармалган. Камалгандардын көпчүлүгү ага чейин административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Эч бир күнөөсү жок мугалимдер, даарыгерлер, аялдар, балдар жана алардын туугандары репрессия болуп, киреше булагынан айрылып, айрымдары жер которууга аргасыз болушту» — деп айтылат баяндамада.

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети 2016-жылы болду. Анда аскерлер күч менен бийликти колго алууга аракет кылышкан. Андан кийин 130 миң киши кармалып, анын 64 миңи камалды. Ондогон ЖМК, оорукана жана мектептер жабылды. Кармоолор жана кызматтан бошотуулар уланууда. Акыркы жумада эле 500 киши кармалып, 150 миң жаран мамлекеттик кызматтан алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби