02:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дагы эки талапкер Боршайком менен соттошот

Канат Исаев менен Исхак Масалиев дагы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине даттанып сотко кайрылды. Бул тууралуу алар «24.kg» агентигине билдиришти. 

БШК алардын топтогон колдорун жараксыз деп таап, шайлоодон четтеткен. 

«Бул буйрутма. Ооба менин ишим боюнча сот жүрүп жатат. Өкүм чыга элек. Андыктан мени шайлоого катыштырбай коюуга БШКнын укугу жок», — дейт Канатбек Исаев.

Эскерте кетсек, БШК каттабай койгон талапкерлерден мурдакы акыйкатчы Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков дагы сотко кайрылышкан.  

Эң көп окулган жаңылыктар