11:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Муфтият Мьянмиде мусулмандардын укугу тепселип жаткандыгын айтат

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Мьянмидеги кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Анда Мьянмиде мусулмандардын укугу тепселип, зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы айтылат. Муфтият эл аралык коомчулукту тез арада чара көрүп, маселени чечүүгө чакырат.

«Эгер ахыбал курчуп кетсе конфессиялар аралык, этникалык жана мамлекеттер ортосундагы конфликттерге алып келиши мүмкүн»- деп билдирет.

Курандын «Маида» сурасынын 32 аятында «ким бирөөгө кол салып, анын өмүрүн кыйса, же коомдо дүрбөлөң жаратса, бул жалпы адам баласына каршы кылмышка барабар. Ал эми адам өмүрүн сактаган ал адамзатын сактоого барабар» экендигин эске салат.

Муфтият кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар