00:51
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Каттоо кызматы каалагандарга жаңы паспортун үйүнө алып барып берет

Мамлекеттик каттоо кызматы «Паспортту үйгө жеткирүү» кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мекеменин жетекчиси Дастан Догоев билдирди. 

Анын айтымында, жаңы паспорт алууга келген жарандар өздөрүнүн дарегин көрсөтө  алышат. «Кыргыз почтасынын» кызматкерлери документтин жеткирип берет.

«Бул кызмат Бишкекте өзгөчө керек. Киши каалаган дарегин көрсөтө алат. Үйүнө, же кеңсесине алып келип беришет», — деди Дастан Догоев.

Бул кызматтын акысы азырынча белгисиз. Дастан Догоевдин билдирүүсүндө, азыр эсептеп жатышат. Акы жеткирүү мөөнөтүнө жана аймагына ылайык аныкталат. 

Эң көп окулган жаңылыктар