03:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Лейлекте пенсионер ажылыкка топтогон акчасына айылга таза суу чыгарды

Баткен облусунун Лейлек районунда мектеп мугалими, пенсионер ажылыкка топтогон акчасына айылга таза суу чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирет. 

Айыл тургуну эмгек сиңирген мугалим Бабакул Осмонов өз эсебинен 600 миң сом жумшап, насостук станция курду. Сууну айылдан чыккан булактан алышты. Эми 300дөй кожолук таза суу менен камсыз болду. 

Буга чейин, Чимген айылында таза суу аптасына 2-3 күн бир нече саатка гана чыкчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар