05:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан күйүүчү май кармалды

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында контрабандалык бензин кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймагында жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү учурунда ташып бара жаткан бензинге уруксат кагазы жоктугу жана аны Тажикстанга сатуу үчүн алып бара жаткандыгы аныкталган.

Жалпы көлөмү 7400 литр, наркы 255 миң 300 сом болгон товар кармалып, иш Ош облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар