Жогорку Кеңеш интернетке бир жылда 1 миллион сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат.
Парламенттин имараты гана эмес, унаа токтоочу жайы дагы интернет менен камсыздалат.
Мындан сырткары, парламент вируска каршы Kaspersky Total Security for 1 year Renewal License программасы үчүн 1,8 миллион сом чыгымдайт.