22:01
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкектеги айланма жолдогу жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды

Бишкектеги айланма жолдогу жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алды. Чүй облустук жол кайгуул башкармалыгынын билдирүүсүндө, бүгүн эртең менен саат 8.00дө «Ниссан» менен «Ауди» кагышып кеткен.

«Ниссан» чыгыштан батышты карай, жолдун 41 чакырымында жогорку ылдамдыкта бара жатып, тосмо жолго чыгып, «Ауди» менен сүзүшкөн.

«Ауди» автоунаасынын айдоочусу жана жанында олтурган апасы каза тапты. «Ниссандын» мас абалындагы айдоочусу бир нече жери сынган.

Эң көп окулган жаңылыктар