02:31
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Парламенттик көпчүлүк премьер-министрликке Сапар Исаковду шайлоого даяр

Парламенттик көпчүлүк премьер-министрдин ордуна Сапар Исаковду шайлоого даяр. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жогорку Кеңештен билдиришти.

Ал эми КСДП фракциясынын жетечкиси Иса Өмүркуловдун «24.kg» агентигине билдирүүсүндө, коалиция кирген фракциялардын ичинде сүйлөшүү жүрөт. 25-августка чейин талапкерлердин программасын карап чыгышат. 

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков шайлоого талапкер болуп катталгандан кийин кызматын тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешти кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттун курамын бекитүүнү талап кылды. 

Эң көп окулган жаңылыктар