13:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга топтолушу мүмкүн

Жогорку Кеңеш 21-25-августта кезексиз жыйынга топтолушу мүмкүн. Бул тууралуу парламенттеги өздүк булактар билдерди.

Маалыматка караганда, парламентте күзгө чейин премьер-министрди дайындоо маселеси дагы эле талкууланууда. 

Шайлоого ат салышып жаткан өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков отставка кетсе, депутаттар өкмөттүн курамын бекитүүгө топтолуп калышы мүмкүн. Министрлер кабинетин Сапар Исаков жетектери айтылууда.

Эскерте кетсек, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчысын шайларын Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында билдирген. Кийин аткаруу бийлигинин жетекчисин шайлоо күзгө калгандыгы белгилүү болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума