22:11
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жалал-Абад мэриясы алты айда инвестициянын көлөмүн 200 эсеге көбөйткөн

Жалал-Абад шаарында быйылкы жети ай ичинде сырттан инвестиция тартып келүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 266 эсеге өстү. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровго таянып билдирет.

Анын айтымында, өткөн жылы жети айдын ичинде сырттан тартылып келген инвестициянын көлөмү 1 миллион сомду түзсө, быйылкы жылы анын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265,1 миллион сомго көбөйгөн.

«Ошол эле кезде бизде ички инвестициялардын көлөмү да өсүп жатат. Мисалы, өткөн жылы жети айда анын көлөмү 417,2 миллион сомду түзсө, быйылкы жылы 426,2 миллион сомго жетип, 9 миллион сомго өскөн. Өсүү темпи 102,2 пайызды түздү» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы жети айда тартылып келген инвестициянын жалпы көлөмү 692,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 274,2 миллионго көптүк кылат жана өсүү темпи 165,6 пайызга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар