15:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий сапар менен барат

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушууда айтылгандай, Өзбекстандын өкмөт башчысы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрь айында Самаркандка иш сапар менен барып, мурдакы президент Ислам Каримовдун күмбөзүнө куран окутуп, Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп келген.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун ортосунда келиспектиктер болгон. Аймактык уюмдардын алкагында жолугушууда кайым айтыша кеткен учурлар дагы кездешкен. 2010-жылдагы Ош коогалаңынан кийин эки өлкө ортосундагы байланыш солгундаган.

Эң көп окулган жаңылыктар