11:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тажикстанда интернет иштебей калды

Тажикстандын айрым аймактарында интернет иштебей калды. Бул маалыматты жергиликтүү провайдерлер тастыкташты.
“Интерком” компаниясынын өкүлү Согди облусунун Айни районундагы байланыш линиясындагы аварияга байланыштуу Тажикстандын түндүгү интернетсиз калганын билдирди. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө айрым операторлордун кардарларынын гана дүйнөлүк желеси иштеп жатат.

Маалыматтарга караганда, учурда “Интерком” менен "Телеком Технолоджи" компанияларынын кардарлары интернет колдоно албай калышты.

Бир нече күн мурун Тажикстандын "Телеком Технолоджи" жана "Сатурн-Онлайн" байланыш операторлору интернет кызматы үчүн "Кыргызтелеком" компаниясына 1 млн 349 миң доллар карыз экени ачыкталган. Компаниянын жетекчиси Нурлан Мадаминов "Сатурн Онлайн" операторунун бересеси 662 миң долларды түзөрүн айткан. Эл аралык арбитраждык сот карызды жабууну милдеттендирген, бирок тажик тарап өкүмдү аткарууга ашыга элек. "Телеком Технолоджи" байланыш операторунун карызы 687 миң доллар. "Кыргызтелеком" бул компанияны эл аралык арбитраждык сотко бергенин маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар