18:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, 14-августта, Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин кезектеги жыйынынын алдында Астана шаарында ЕАЭБдин премьер-министрлерин кабыл алды.

Нурсултан Назарбаев уюм үч жылдан бери иштеп жаткандыгын, бул арада дүйнөлүк экономикалык оор кырдаалдын таасирине туруштук бере алгандыгын белгилеп өттү.

«ЕАЭБдин башкы максаты- бирдиктүү экономикалык түзүм менен жалпы рынокты түзүү. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык өсүүсү ички соода алакага дагы таасир берет. Азыр биз ич ара катнашты бекемдешибиз керек. Мында албетте өкмөттөргө чоң милдет жүктөлөт. Бүгүнкү кеңешме жакшы жыйынтыктарга алып келет деп ишенем», — деди Нурсултан Назарбаев.

Жолугушууга Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Армениянын премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь өкмөт башчысы Андрей Кобяков, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев жана Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар