12:47
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сооронбай Жээнбеков Россиянын өкмөт башчысы менен жолукту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августа Астана шаарында Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн министрлер кабинетинин жетекчилери Евразия өкмөттөр аралык кеңешмесинин жыйынынын алкагында баарлашты. Сооронбай Жээнбеков менен Дмитрий Медведев соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы алаканын келечегин талкуулашты.

«Жогорку жетекчиликтин такай биргелешип иш алып баргандыгынан эки жактуу кызматташуу тынымсыз өсүп жатат» ,— деп белгилеп өттү Кыргызстандын премьер-министри.

Ал президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлгандыгын да кошумчалай өттү.

«Кыргыз мигранттарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен Россияда иштөөгө уруксат берген Федералдык мыйзамдын кабыл алынышы — эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыгы. 2017-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүгү 500 миллион долларды түздү. Чогуу аракет менен биз соода алаканын көлөмүн мындан да көбөйтө алабыз», — деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Дмитрий Медведев Кыргызстан менен Россия өз ара жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дагы мамилени улантуу зарылдыгын белгиледи.

«Учурда эки тарап тең кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүү үчүн кызыкдар. Бул үчүн ачык жана негиздүү сүйлөшүүлөргө жол ачылды. Эң башкысы, ар бир макулдашуу жана иштер улуттук кызыкчылыктарга жооп берет. Акыркы мезгилде Кыргызстанда жасалган товарлардын импорту көбөйдү», — деди Дмитрий Медведев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби