Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга топтолбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги өздүк булактар билдиришти.
21-августта күтүлгөндөй премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырат. Бирок, депутаттар жаңы өкмөттүн курамын күзүндө гана бекитишет. Жаңы өкмөт башчысы дагы 1-сентбрдан кийин шайланат.
Буга чейин өкмөттү президенттик аппарат башчысы Сапар Исаков жетектери айтылган.
Сооронбай Жээнбеков КСДПнын атынан президенттикке ат салышууда. Шайлоо 15-октябрда өтөт.