08:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркия Тарых музейин оңдоо келишиминен баш тарткан жок

Түркия Тарых музейин оңдоо келишиминен баш тарткан жок. «24.kg» маалымат агентигине Түркиянын кызматташуу жана өнүгүү агентиги оңдоо иштери токтотулганы боюнча маалыматты четке какты.

Агентиктин айтымында, Түркия өзүнө алган милдеттерди толук аткарат.

«Биз музейдин сырттын, айланасын, ага жакын жердеги фонтанды оңдоп беребиз. Ал эми ичин Кыргызстан тарап өзү жасайт. Жумуш жүрүп жатат», — дешти.

Буга чейин Түркия ички жасалгасында дагы өзгөртүүлөр киргизилерин маалымдалган. Анда электржабдуулары алмаштырылып, бөлмөлөр, дааратканалар жана музейдин экспонаттары жаңылары айтылган.

Агентиктин билдирүүсүндө, Кыргызстан менен оңдоо иштеринин мөөнөтү боюнча келишпестик бар.

«Кыргызстан тарап иштин баарын тезарада бүтүрүүнү талап кылган. Бирок, биз кыска мөөнөттө анча ишти жасай албайбыз», — дейт кызматташуу жана өнүгүү агентиги.

Тарых музейин 25-марттан бери жабык. Аны оңдоо иштерине 15 миллион доллар талап кылынат. Каражаттын баарын Түркия тарап грант катары бермекчи болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар