05:29
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

«Ата-Мекен» лидеринин кыргыз тил сынагына катышуу маселесин БШК чечиши керек

Бишкектин райондор аралык соту «Ата-Мекен» лидеринин кыргыз тил сынагына катышуу маселесин БШК чечиши керектиги тууралуу чечим чыгарды. Бул боюнча «24.kg» агентигине партиянын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Соттун чечиминде, Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынак тапшыруу жолун аныкташы керектиги айтылат. Бул суроону БШКнын жумушчу тобу эмес, мүчөлөрү отурумда карап чыгышы зарылдыгы белгиленет.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев 26-июнда мамлекеттик тилден тест тапшырышы керек болчу. Бирок, БШК аны УКМКнын абагынан алып келүү жолун чечкен эмес. БШК бул маселени чечүүгө ыйгарым укугу жоктугун айтып, сотко багыттаган. Текебаевдин ишин караган сот Айбек Эрнис уулу жактоочулардын бул өтүнүчүн кароодон баш тартты.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби