21:15
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өзбекстандын премьер-министри абитуриентти шпаргалка менен кармап алды

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов абитуриенттин өз колу менен жасаган шпаргалкасына оң баа берип, ага Ташкенттин маалымат технологиялык университетине тапшырууну сунуштады. Бул тууралуу nuz.uz сайты маалымдайт.

Абдулла Арипов Юридикалык университеттин окууга кабыл алуу сынагынын жүрүшү менен таанышууга келген. Премьердин көзүнчө сыртка чыгып, кайра кирген жигит колдо жасалган гаджет менен кармалган.

Абитуриент аны өзү жасап, алдын-ала университеттин дааратканасына катып койгон. Сынак башталгандан кийин алып кирүүгө аракет кылган. Бирок, кармалып калды.

Буга өз көзү менен күбө болгон өкмөт башчысы жигит жасаган шпаргалка менен таанышып, талантын баалап, Маалымат технилогиялык университетине тапшыруу кеңешин берди.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби