08:16
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чыныбай Турсунбеков президенттик дымагынан баш тартты

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өз булактары билдиришти.

Эскерте кетсек, Чыныбай Турсунбеков 30-июнда Жогорку Кеңештеги маалымат жыйында, андан кийин КСДП фракциясынын 15-июлдагы курултайында шайлоого катышарын билдирген. Бирок, партия бир гана талапкер алып чыгуу чечимин кабыл алып, премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн.

Алмазбек Атамбаев Чыныбай Турсунбеков КСДПнын чечимине макул болбой, ат салыша турган болсо партиядан чыгышы керектигин айткан.

Айрым серепчилер парламенттин спикери аны менен кызмат ордун сактап калып жатканын айтышат.

Эң көп окулган жаңылыктар