02:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Канат Исаевдин иши сотко ашты

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралат.  «24.kg» маалым болгондой депутаттын ишин сот Абдуразак Боромбаев карайт.

Канат Исаевге жемкорлук беренеси менен айып тагылган. Тергөөнун билдирүүсүндө, Токмок шаарын жетектеп турган кезде муниципалдык жерди соода түйүнүн курулушуна берген. Канат Исаев кызмат абалынан пайдаланып, шаардык кеңештин депутаттарына кысым жасаган. 

Белгилей кетсек, Канат Исаев президенттикке ат салышарын билдирген. Кечээ ал жетектеген партиянын курултайы өттү. 

Эң көп окулган жаңылыктар