17:10
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Президент «Азаттык» радиосун эмнеге кечиргендигин ачыктады

Президент Zanoza интернет басылмасы менен жарашпайт. Бул тууралуу ал бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Алмазбек Атамбаев журналисттер чынчыл болуп, такталбаган маалымат, ушак үчүн жооп бериши керек деп эсептерин айтты. Ал кызматын тапшыргандан кийин дагы медиа менен сотун уланта бермекчи.

Өлкө башчысынын пикиринде, ал бул кадамы менен ушакчы журналистиканы токтотмокчу.

«Бул иш боюнча «Азаттыкка» дагы ушундай талап болчу. Бирок, ал арада алардын жетекчиси келип, ката кеткенин моюнга алып, редакциялык саясатты өзгөрттү. Азыр юристтер радионун ишин көзөмөлдөп турушат», — деди Алмазбек Атамбаев.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын коргоп «Азаттык» радиосу жана Zanoza интернет басылмасын каршы доо арыз берген. «Азаттыктан» 10 миллион сом, Zanoza интернет басылмасынан 3 миллион сом өндүрүү талап кылынган. Бул эки медиа «Ата-Мекен» партиясынын юристтери өткөргөн маалымат жыйынды чагылдырып, Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүк Алмазбек Атамбаевге тиешелүү экендигин кабарлаган.

Президент өзү 24-мартта радио менен эл аралык сотто болсо дагы соттошууга даяр экендигин айтып, АКШнын президенти Дональд Трамп менен дагы сүйлөшмөкчү болгон.

Кийинчерек президенттин маалымат кызматы радиого каршы доосун токтотуларын маалымдаган. Себеби ачык айтылган эмес. Ал эми Zanoza бул иш боюнча райондук сотто утулду.

Эң көп окулган жаңылыктар