16:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандын «Кумтөр» кениндеги үлүшү алты пайызга азайды

Кыргызстандын «Кумтөр» кениндеги үлүшү алты пайызга азайды. «24.kg» маалымат агентигине белгилүү болгондой, Centerra Cold Ink 2016-жылы кен казып иштеген Thompson Creek компаниясын сатып алган. Ага канадалык ишкана бир миллиард доллардан ашык каражат жумшаган. Ишкана 141,4 миллион долларлык 26 599 500 жаңы акцияны чыгарган. Аны менен Сenterre өзүнүн банктагы эсептерин 325 миллион долларга көбөйтө алган.

Ишкана Thompson Creek компаниясына акчанын бир бөлүгүн акцияга алмашуу менен төлөгөн. Анын жыйынтыгында «Кыргызалтын» ишканасынын акциясы 32,7 пайыздан, 26,28 пайызга азайган.

Бүгүн «Кыргызалтындын" үлүшү 412 миллион долларга бааланат. Акциялардын саны мурдакыдан өзгөрбөй 77 401 766 даана бойдон калды.

Эң көп окулган жаңылыктар