USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

«Ата Журт» партиясы шайлоого эки талапкерди сүрөп чыгат

10:12, 18 июля 2017, Бишкек - 24.kg

«Ата Журт» партиясы шайлоого эки талапкерди сүрөп чыгат.

Партиянын атынан Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков жана парламенттин мурдакы депутаты Камчыбек Ташиев көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев Адахан Мадумаров менен үчилтик түзүшкөн. Азыр үчөө тең президентикке аттанып жатышат. Адахан Мадумаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлдү.

Ал эми Акматбек Келдибековдун соттолгондугу жоюла элек болгондуктан, ал шайлоого катыша албастыгы дагы маалымдалган.

БШКга буга чейин 30 жаран талапкер болуп катталуу үчүн арыз жолдошкон.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика