21:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чыныбай Турсунбековдо алты батир жана бир кичиавтобусу бар

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдо алты батири, 418 чарчы метрлик имараты, төрт унаа токтоочу жайы жана 2 миң чарчы метрлик жер тилкеси бар. 

Ал эми кыймылдуу мүлктөн төрагада 2003-жылкы  «Мерседес-Бенц 313 CDI» үлгүсүндөгү унаасы бар. Бул маалыматтарды төрага 2016-жылкы декларациясында көрсөткөн.

Парламент төрагасынын жакындары 2016-жылы 18, 2 миллион сом тапса, ал өзү 974 миң 684 сом иштеген.

Чыныбай Турсунбеков 2016-жылы жалпысынан төрт ишкананы башкаларга башкарууга өткөрүп берген. Компаниялардын аты аталбайт. Бирок, аларда Турсунбековдун үлүшү 16дан 92 пайызга чейин экендиги маалымдалат. 

Турсунбековдун үй-бүлөсүндө 360 чарчы метрлик үй, беш батир жана беш жер тилкеси жана курулушу бүтө элек имараттар тиешелүү.  Дагы үч унаасы бар. 

Эң көп окулган жаңылыктар