08:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президент Алмазбек Атамбаев бир жылда 1 миллион 246 миң сом тапкан

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1 миллион 246 миң сом иштеп тапкан. Өлкө башчысынын декларациясы Салык кызматынын сайтына жарыяланды. 

Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 8 миллион 385 миң сом сарптап, чыгашасын 2015- жылга караганда 4 эсеге азайткан.

Өлкө башчысында аянты 116 чарчы метрлик 2,7 гектар жерде жайгашкан имараты, 6, 4 гектар багы бар.   

Жакын туугандары 250 миң сом иштеп табышыптыр. Активдеринен 100 миң доллар жана 369 миң сом түшкөн. Жарандык укуктук келишимден үй-бүлөлүк бюджет  2,5 миллион сомго толукталган. Президенттин жакындары 9 миллион 488 миң сом сарпташкан.  

Президенттин аялында, балдарында жеке мүлкү жок экен. 2015-жылы үй-бүлө мүчөлөрүндө эки батири жана унаа токточуу жайы бар болчу. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума