10:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жашы жете электер чет элдик паспорт менен гана өлкөдөн чыга алышат

Юстиция министрлиги «16 жашка толо элек балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме берүүнү токтотуу» тууралуу токтом иштеп чыкты.

Анда Кыргызстандан жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык, кызматтык паспорттор менен гана чыгууга жана кирүүгө болору жазылат.

Министрликтин айтымында, азыр туулгандыгы тууралуу күбөлүккө берилүүчү тиркеменин коргоо кепилдиги жок болгондуктан, аны жасап алышы мүмкүн.

Юстиция министрлигинин бул чечими кабыл алынса 2018-жылдан тарта күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар