16:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Президент Догдуркүл Кендирбаеваны билим берүү министри кылып дайындады

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизович мекеме башчысынын милдетин убактылуу аткаруудан бошотулду.

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет.

Белгилей кетсек, Догдуркүл Кендирбаева министрлер кабинетинин курамындагы үчүнчү аял болот. Азыр санариптик өнүгүү министри Нурия Кутманова. Гүлнара Баатырова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектейт. Ал узак убакыт бою өкмөттөгү жалгыз аял болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар