16:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемпир-Абад иши: кармалгандардын камактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине катышы бар деп кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 16-декабрда да түн жарымына чейин улантып, чечим чыгарды.

Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Ден соолугуна байланыштуу Талантбек Эшалиевдин үй камагы эки айга узартылды. Сот 17-февралда уланат.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар