01:29
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Транспорт министрлиги Төө-Ашууга кышкы дөңгөлөгү бар ууналарды гана чыгарууда

Төө-Ашууда Транспорт жана жол министрлиги ууналарды текшерип өткөрүүдө. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Алардын маалыматында, ашууда тыгын жана авариялык кырдаалды азайтуу үчүн транспорт каражаттарынын кышкы дөңгөлөк, күйүүчү май жана тайып кетүүгө каршы чынжырлары текшерилүүдө.

Министрлик айдоочуларды узак жолго чыгууда аба-ырайын карап, керектүү каражаттар менен камсыз болууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар