17:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт башчы министрлерди кантип тандай турганын айтты

Депутат Ирина Карамушкина өкмөт башчыдан министрлердин кызмат ордуна талапкерлерди кантип тандоодон өткөрөрүн сурады.

«Сиз жеке өзүңүз тандайсызбы же башкалар сизге таңуулайбы?», -деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев 4 талапкерди өзү тандаганын айтты. «Кээде консультация өткөрөм. Мен кесипкөйлүгүнө карап тандайм», -деди ал.

Ирина Карамушкина министрлер жоопко тартылбай кетип жатканына нааразы экенин билдирди.

«Эмне үчүн министрлер кылгылыкты кылып коюп, ага жооп бербей кетишүүдө? Ардактуу эс алууга кетип жатат... Башка жолу болушу керек, өкмөт башчы кеткен министрлерди жазалай албайт. Демек, талапкерлерди көрсөткөн фракцияларды жазалоо зарыл», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар